Журналисттер жана активисттер кабарчы кызды келекелеген өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун кызматтан кетишин талап кылып митингге чыгышты.
Алар ушул тапта Чүй облустук администрациясынын алдында чогулуп, аткаминердин кабинетине кирүүгө аракет кылышты.
Активист Мелис Аспеков Абдраимов мамлекеттик кызматкердин этикасына сыйбаган аракетке барганын сынга алды.
- Чүйдүн облусунун башчысы Туйгуналы Абдраимов журналист кызды мазактап, мыскылдап, басмырлады. Бул өтө туура эмес нерсе. Ошондуктан ойлонуп туруп жалпы журналисттер жамаатын тынчтык митингине чакырдык. Себеби, бул көчөдөгү кыз-жигиттин сөзү эмес да. Бул жерде калдайган бир облустун жетекчиси сүйлөп жатат. «Сен мага жакпайсың, мен сага жооп бербейм» дегидей ал ким? Саунада сүйлөп жатабы? - деди Аспеков.
Облустук администрациянын кызматкерлери журналисттерди жана активисттерди имараттан сыртка чыгуусун талап кылышууда.
Кечээ 5-июнда Сокулуктагы окуяны чагылдырганы барган журналист кыздардын бирине өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгуналы Абдраимов «сиздин жүзүңүз мага жакпай турат» деп орой жооп узаткан. Бул окуя тартылган видео Интернетке тарагандан кийин социалдык тармактарда нааразылык күчөп, анын кызматтан кетишин талап кылгандар көбөйдү.
Коомдук активисттер мамлекет өкүлүнүн мындай сөзүнө жана мамилесине мыйзамга жараша баа берилиши керек деп жатышат.
Абдаримов өзү бул талаптарга азырынча комментарий бере элек. (ErN)