Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 01:42

Ысык-Көлдө муздаткычта каза болуп калган эки баланын өлүмү иликтенип жатат


Эски муздаткыч. Иллюстрациялык сүрөт.

Түп районундагы Михайловка айылында муздаткычтын ичинде каза болуп калган 6 жана 4 жаштагы эки баланын өлүмү боюнча факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери уланууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында, окуя 3-июнь күнү болгон. Баштапкы маалыматтарга ылайык, эки наристе ойноп жүрүп эски муздаткычтын ичине түшүп алган. Жабдуу ичинен ачылбагандыктан балдар камалып, думугуп калышкан. Бул убакытта аларды ата-энеси жана айылдаштары издеп, алты саатча убакыт өткөндөн кийин гана табышкан.

Маркумдар Данил менен Никитанын сөөгү 5-июнда чоң атасынын айылында, Ананьеводо жерге берилди. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG