Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

Орус президенти кайрадан Рим папасы менен жолугушат


10-июнь, 2015-жыл.
10-июнь, 2015-жыл.

Рим папасы Франциск Орусиянын президенти Владимир Путинди 4-июлда Ватиканда кабыл алат. Бул тууралуу Рим папасынын басма сөз катчысы Алессандро Жизоттиге шилтеме кылып AFP агенттиги кабарлады.

Мунун алдында Кремль Путин Италияга мамлекеттик сапар менен барарын айтканы менен, сапардын күнү белгилүү эмес болчу.

Соңку төрт жылдын ичинде бул Путиндин Рим папасы менен экинчи жолугушуусу болот. 2015-жылдын 10-июнундагы алгачкы жолугушууга Путин салтка айланып калгандай эле бир саатка кечигип келген. Кечигүүсүн «Миландагы жол тыгыны жана Римде Италиянын премьер-министри менен сүйлөшүү создугуп кеткени» менен түшүндүргөн.

Алгачкы жолугушууда Рим папасы менен Орусиянын президенти бир сааттан ашык сүйлөшүп, анын ичинде Украинадагы кризисти да талкуулашкан. Рим папасы Путинге периштенин элеси түшүрүлгөн байыркы медалды белек кылган. Жооп катары Орусиянын президенти Рим папасына Христос куткаруучунун храмы тартылган паннону жана православ энциклопедиясынын бир нече томун белекке берген.

XS
SM
MD
LG