Сараевонун четинде табылган көрүстөндө 1992-95-жылдары жарандык согуш убагында өлтүрүлгөн босниялык мусулмандардын сөөгү болушу мүмкүн. Бул тууралуу Босниянын прокуратурасынын сайтында чыккан билдирүүдө айтылат.
«Талаадагы шек жараткан жерди текшерип жаткан маалда бир метр тереңдиктеги жерден адамдын сөөктөрү чыкты», - деп айтылат билдирүүдө.
Прокуратура өкүлдөрүнүн божомолу боюнча, бул ушул райондо жашап, 1992-жылы дайынсыз жоголгон босниялыктардын сөөктөрү болушу ыктымал.
1992-жылдагы жарандык согушта 100 миңге жакын адам кырылган, миллионго жакыны үй-жайынан ажыраган. Ушул күнгө чейин 7 миңден ашык адамдын дайыны белгисиз.