Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Кремль: Суданга тыштан кийлигишүү болбошу керек


Судан.
Судан.

Орусия Судандагы саясий кризисти жөнгө салыш үчүн диалог жана мунаса керек деп эсептейт. 6-июнда Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Михаил Богданов Судан «экстремисттер» менен күрөшүшү керек экенин айтты.

- Албетте, тартип орнотуш үчүн силер кырдаалды турукташтырууну каалабаган экстремисттер жана чагымчыл күчтөр менен күрөшүшүңөр керек, - деди ал.

Богданов кайсы күчтөрдү экстремисттер жана чагымчылдар деп мүнөздөп жатканын тактаган жок.

«Биз кырдаал мунасанын негизинде улуттук диалогдун алкагында жөнгө салынышы керек деп эсептейбиз. Биз бардык тыштан кийлигишүүгө, судандыктарга бир нерсени таңуулоого каршыбыз», - деди ТИМдин өкүлү.

3-июнда Судандын ордо шаары Хартумда күч кызматкерлери демонстранттардын лагерлерин талкалап, кууп таратканда бери дегенде 108 киши мерт болду.

Суданда былтыр декабрда каршылык акциялары алгач азык-түлүктүн кымбатташына, накталай акчанын жетишсиздигине байланыштуу башталып, кийин президентти кетирүү тууралуу талаптарга өсүп жеткен. Апрелде өлкөнү 30 жыл бою башкарган президент Омар аль-Баширдин бийлиги кулатылган. Бирок анын ордун ээлеген аскердик бийликти демонстранттар колдобой, жарандык өкмөт келишин талап кылып, көчөдө кала беришкен. Ошентип, Суданда демонстранттардын лидерлери менен өткөөл аскердик өкмөт кризисти жөнгө салууда мунаса таба албай жатышат.

XS
SM
MD
LG