Эгерде АКШ Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды азайтуу жана чектөө тууралуу келишимди узартууга кызыкчылыгы болбосо, анда Орусия да бул келишимден баш тартышы мүмкүн. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин Санкт-Петербургдагы экономикалык форумда билдирди.
- Эгерде эч ким бул келишимди узарткысы келбесе, анда биз да муну жасабайбыз. «Биз даярбыз» деп жүз жолу айттык, бирок эч ким биз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жок. 2021-жылы бул келишимдин мөөнөтү бүтөт, - деди Путин.
Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды азайтуу жана чектөө тууралуу документ – бул Орусия менен АКШнын ортосунда түзүлгөн келишим. Ага 2010-жылы 8-апрелде ошол кездеги президенттер Дмитрий Медведев менен Барак Обама Прагада кол коюшкан. Келишим 10 жылга түзүлгөн.