Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 14:36

ШКУ саммитине 11 өлкөнүн башчысы келет


Иллюстрациялык сүрөт.

Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммитине катышуу үчүн Бишкекке 11 өлкөнүн башчысы келет. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

“Саммитке Орусия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Индия жана Пакистандын башчылары келет деп пландап жатабыз. Мындан тышкары, байкоочу мамлекеттерден Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголиянын президенттери” келет деди ал.

Жыйындын соңунда 20га жакын биргелешкен документке кол коюлат.

Саммит 14-июнда өтөт, 13-июнда кечинде коноктор үчүн гала-концерт жана көркөм өнөр көргөзмөсү уюштурулат. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (9)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG