Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Ымыркайлардын өлүмүн азайтуу маселеси талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 7-июнда Бишкекте ымыркайлардын өлүмүн азайтуу маселесин талкуулаган жыйын өтөт.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, “Ымыркайларды багып айыктыруу боюнча Кыргызстандагы жетишкендиктер жана жакшыртуу жолдору” деген темада уюштурулуп жаткан талкуу Балдардын укугу жөнүндөгү конвенциянын кабыл алынышын белгилөөгө арналат.

Ага өкмөттүн, парламенттин өкүлдөрү жана донор уюмдар катышат.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда соңку 26 жылда ымыркайлардын өлүмү боюнча көрсөткүч дээрлик эки эсе, 54% кыскарды. 1991-жылы 1000 ымыркайдын 24ү чарчап калса, 2017-жылы 10ун сактап кала алышкан эмес.

Дүйнөдө бул көрсөткүч 51%, ал эми Борбор Азия аймагында 59% түзүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG