Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:22

Лима тобу Венесуэладагы саясий кризис боюнча билдирүү таратты


Венесуэладагы наарызылык, 30-апрель 2019-жыл.
Венесуэладагы наарызылык, 30-апрель 2019-жыл.

Түндүк жана Түштүк Америкадагы бир нече мамлекеттин башын бириктирген Лима тобу Венесуэладагы кырдаал боюнча билдирүү таратты.

Аталган топко мүчө мамлекеттер президент Николас Мадурону колдогон Орусия, Кытай, Куба жана Түркия сыяктуу өлкөлөрдү Венесуэладагы саясий кризисти жөнгө салуу жараянына катышууга чакырышты.

Гватемалада 6-июнда өткөн жыйында кабыл алынган билдирүүгө Аргентина, Бразилия, Канада, Чили, Колумбия, Коста-Рика, Гватемала, Гондурас, Панама, Парагвай жана Перунун расмий өкүлдөрү кол коюшкан.

Лима тобу оппозиция лидери Хуан Гуайдо төрагалык кылган Венесуэланын парламентине "системалык чабуулдар" уюштурулуп жатканын кескин айыптап, Мадуронун мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү чакырыгын четке кагышты. Бейшембиде жарыяланган бул билдирүүдө Мадуро кызматтан кеткенден кийин анын ордуна келген утурумдук өкмөт "эркин жана ачык-айкын" президенттик шайлоо өткөрүшү керек экени белгиленген.

Венесуэлада миңдеген адамдар катышкан демонстрациялардан кийин АКШ баштаган элүүдөй мамлекет Мадуронун бийликтен кетишин талап кылып, өзүн утурумдук президент деп жарыялаган оппозициянын лидери Хуан Гуайдого колдоо көрсөтүп келет.

Москва, Бээжин жана Гавана Мадуронун өкмөтүн легитимдүү деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG