Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

Тереза Мэй бийликтеги партиянын башчылыгынан кеткени жатат


Тереза Мэй кызматтан кетерин жарыялаганда көзүнө жаш алган эле, Лондон, 24-май 2019-жыл.
Тереза Мэй кызматтан кетерин жарыялаганда көзүнө жаш алган эле, Лондон, 24-май 2019-жыл.

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй бүгүн, 7-июнда бийликтеги Консерваторлор партиясынын төрайымдыгынан кеткени жатат. Мэй партиянын жаңы лидери тандалып, ал киши өкмөт башчылык кызматка киришкенге чейин премьер-министрдин ишин аткарып турат.

Британияда бийликтеги партиянын төрагасы өлкөнүн премьер-министри болот. Андыктан парламенттеги 11 депутат премьер-министрликке талапкерлигин көрсөттү. Консерваторлор партиясынын парламенттеги 313 депутаты эки жума ичинде бардык талапкерлердин ичинен экөөнү тандашы керек. Алардын кимиси жаңы төрага болоорун партиянын 125 миңдей мүчөсү аныктайт.

Брекзитти колдоп келген мурдагы тышкы иштер министр Борис Жонсон негизги талапкер катары мүнөздөлүп жатат.

62 жаштагы Тереза Мэй Британиянын Евробиримдиктен кандай шартта чыгаары жазылган Брекзит келишимин бир нече жолу парламенттин ратификациясынан өткөрө албай койгондон кийин 24-майда кызматтан кетерин жарыялаган.

"Брекзитти ишке ашыра албаганым мени терең өкүндүргөн маселе бойдон кала берет", - деп билдирген Мэй.

Апрель айында Евробиримдик Британиянын уюмдан чыгуу мөөнөтүн алты айга узарткан. Ага ылайык, расмий Лондон 31-октябрга чейин бир чечимге келиши керек.

XS
SM
MD
LG