Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

Баткен прокурорунун өлүмү боюнча сотто аткаминерлер көрсөтмө берип жатат


Прокурордун өлүмүнө шектелип жаткан Мелис Калыков сот залында. Ош шаары. 7-июнь, 2019-жыл.
Прокурордун өлүмүнө шектелип жаткан Мелис Калыков сот залында. Ош шаары. 7-июнь, 2019-жыл.

Баткен прокурорунун өлүмүнө байланыштуу соттук териштирүүдө мурунку жана азыркы аткаминерлер көрсөтмө берип жатат. Түшкө чейин маркум менен чогуу аң уулоого чыккан мурдагы прокуратура кызматкерлери суралган.

Түштөн кийин уланган Баткен шаарынын жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Сахабидин Үсөнов, Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов көрсөтмө беришти. Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов прокурордун өлүмүнө шектүү Мелис Калыков ошо күнү айдап жүргөн "Лексус 470" үлгүсүндөгү автоунаа тууралуу айтып, анын ээси менен прокурор өлгөн күнү жолугушканын айтты. Булар маркум менен аң уулоого чогуу чыгышпаганы, алар Баткен шаарында прокурорду издөөдө аралашып калышканы сотто анык болду.

Ушул тапта Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын криминалдык милициясынын ыкчам өкүлү Улукбек Мамытов көрсөтмө берип жатат.

Баткен прокурорунун өлүмүнө байланыштуу ишти Ош шаардык сотунда судья Жолборс Кудаяров карап жатат.

Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон. Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында. (MdN)

XS
SM
MD
LG