Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:25

АКШ генералы Иран дале коркунуч жаратып жатканын айтты


Кошмо Штаттардын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгыннын башчысы Кеннет Маккензи.
Кошмо Штаттардын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгыннын башчысы Кеннет Маккензи.

АКШ армиясынын башкы командири Кеннет Маккензи Пентагон Перс булуңундагы аскердик кудуретин күчтөндүргөндөн кийин гана Иран Американын чөлкөмдөгү позицияларына чабуул коюу планынан баш тарта турганын билдирди.

Кошмо Штаттардын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгын жетектеген бул генерал 6-июндагы сөзүндө Тегеран дале болсо коркунуч жарата берерин айтты.

"Мен коркунуч жоюлганына ишенбейм. Менимче, коркунуч абдан реалдуу", - деди генерал Маккензи.

Ал коопсуздук маселесинен улам Тегеран кандай чабуул уюштурууга белсенгенин так айткан жок. Бирок Ирандан келген коркунучка каршы туруу үчүн Жакынкы Чыгыш аймагына кошумча күчтөр жөнөтүлүшү мүмкүндүгүн четке каккан жок.

АКШ 2018-жылдын май айында Иран менен дүйнөнүн алты державасы колдогон келишимден чыгып кеткенден бери Вашингтон менен Тегерандын алакасы чыңалып турат. Бул келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеп, Тегеранга багытталган эл аралык санкциялар алынышы керек эле.

Вашингтон бул келишимден чыккандан бери санкциялардын бир бөлүгүн калыбына келтирип, Жакынкы Чыгыштагы аскердик кудуретин бекемдөөгө аракет кылып келет.

Президент Дональд Трамп санкциялар Тегеранды диалогго барууга мажбур кыларын 6-июнда Франциядагы сапары маалында айтты. Андан бир күн мурда Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи өз өлкөсү Трамптын сүйлөшүү тууралуу сунушуна "алданбай турганын" белгиледи.

XS
SM
MD
LG