Жогорку Кеңештин депутаты кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу Ички иштер министрлигинде сурак берип жатканын бир нече маалымат агенттиктери жазып чыгышты.
"АКИпресстин" маалыматына караганда, аны суракка саат 10:00гө чакырышкан. Рысалиев ушул мезгилге чейин ИИМдин имаратында жүрөт. Ушундай эле маалыматты 24.kg басылмасы да жазды.
ИИМдин басма сөз кызматы маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок. "Тергөө кызматы мындай маалыматты эч качан бербейт",-деди басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова.
Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга чыгып кеткенине байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра иликтене баштады. Ишти тергеп-иликтөө милдети Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө кызматына жүктөлгөн. Буга чейин да бир катар аткаминерлер жана мамлекеттик кызматкерлер Батукаевдин ишине байланыштуу кармалган.
Батукаев бошотулган учурда Зарылбек Рысалиев Мамлекеттик жаза аткаруу кызматын жетектеп тураган. (ErN)