Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:46

Тынч океанда орус-америка кемелери кагышып кете жаздады


АКШ армиясынын "Чанселорсвилл" крейсери.
АКШ армиясынын "Чанселорсвилл" крейсери.

Тынч океанынын түндүк бөлүгүндөгү Филиппин деңизинде Орусиянын аскердик кемеси АКШнын бир крейсери менен кагышып кете жаздады. Бул тууралуу АКШ деңиз флоту билдирип, "кооптуу жана кесипкөйлүккө жатпаган" окуя катары баалады.

"Филиппин деңизинде жүргөн орусиялык "Удалой" кемеси америкалык "Чанселорсвиллди" көздөй кооптуу манёвр жасады", - деп билдирди АКШнын Жетинчи флотунун басма сөз өкүлү командир Клейтон Досс.

Анын алдында орус армиясынын Тынч океан аймагындагы флоту АКШнын кемеси орусиялык "Адмирал Виноградов" кемесинин жолун кесип өткөнүн, бул манёвр 50 метр алыстыкта гана жасалганын билдирген.

Американын өкүлү Досс Орусиянын билдирүүсүн "пропаганда" деп атап, тескерисинче орус кемеси "Чанселорсвилл" крейсерине 15-30 метрге чейин жакындап келгенин айтты.

XS
SM
MD
LG