Анкара Бишкекке элчинин иши боюнча нота менен жооп кайтарганын "Анадолу" агенттиги билдирди.
Маалыматта 7-июнда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Тышкы иштер министрлигине чакыртылганы айтылат. Нотаны элчиге министрдин жардамчысы Седат Өнал тапшырган.
Анда элчи өз милдетин аткарганы, Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпегени жазылган. Бул маалыматты расмий ырастоого мүмкүн боло элек. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабар такталгандан кийин комментарий болорун айтты.
5-июнда Сокулук районунун Орок айылында Кыргызстандын жарандарынын ортосундагы жаңжал чыккан. Укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик абалды жайгарып жаткан кезде ал жакка элчи да барган. Анын бул кадамы Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү катары бааланган.
Элчи Женгиз Камил Фырат 6-июнда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине чакырылып, Кыргызстандын улуттук мыйзамдарын сыйлоо сунуш кылынган. Анын үстүнөн Түркияга нота берилген.
Женгиз Камил Фырат өзү аталган кыштакта элчиликтин кызматкери жашай турганын, аны алып кетүүгө барганын журналисттерге айткан.(ElB)