Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 16:16

Өзбекстанды мактаган британиялык журналист сыйланды


Өзбекстандын Лондондогу элчилиги британиялык журналист, “iCrossing” онлайн-маркетинг агенттигинин туризм боюнча редактору Жереми Хедге "Алтын калем" сыйлыгын тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги 7-июнда кабарлады.

2018-жылдын ноябрында анын "Өзбекстандагы ылдам "жибек жолу" деген макаласы бир канча маалымат каражаттарында басылган. Андан соң Өзбекстанга келген туристтердин саны жана "Афросиёб" ылдам поездинен пайдаланууга кызыккандар көбөйгөнү айтылууда.

Өзбекстандык аткминерлер соңку кездери жергиликтүү жана чет элдик журналисттерди мамлекеттин туризми жөнүндө жарнама өңүтүндөгү макала-баяндарды жазууга үндөп келатышат.

XS
SM
MD
LG