Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

КСДП коррупцияга каршы митинг өткөрүп жатат


Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) Бишкек шаарында 8-июнда коррупцияга каршы митинг өткөрүп жатат. Ыр-күү менен башталган тынч жыйында жемкорлукка жана тууганчылдыкка каршы көрнөктөр илинди.

"Унчукпай турба! Үн кат!" деген ураан менен уюштурулган митингге экс-президент Алмазбек Атамбаев, партиянын саясий кеңешинин төрайымы Асел Кодуранова, парламенттин депутаты Анвар Артыков өңдүү саясатчылар да катышууда. Уюштуруучулар миңден ашуун, байкоочулар миңге чамалуу адам келгенин билдиришти.

Партиядан кабарлашкандай, "Медиа форум" имаратынын алдындагы митинг «азыркы бийлик жемкорлукка каршы бирдей күрөш жүргүзбөй, Атамбаевдин тарапташтарын, оппозициялык көз карашы бар жарандарды куугунтуктап жатат» деген өңүттө уюшурулду.

Учурда КСПДнын бир канча мүчөлөрү камакта. Алар мыйзамсыз баюу, Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция өңдүү иштерге күнөөлөнүп жатышат.

Экс-президенттер тууралуу жаңы мыйзамга байланыштуу Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагалыгынан жана курамынан 25-майда кеткен. 27-майда күчүнө кирген мыйзамга ылайык, мурдагы мамлекет жетекчилерине саясий иштер менен алектенүүгө, саясий партияларды жетектөөгө тыюу салынган. (SE)

XS
SM
MD
LG