Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:36

Хожент түрмөсүнүн мурдагы жетекчиси төрт жылга камалды


Хожент түрмөсү
Хожент түрмөсү

Тажикстандын Хожент түрмөсүндөгү тополоңдон улам колониянын мурдагы башчысы Файзулло Сафарзод төрт жылга кесилди. Жаза мөөнөтүн Дүйшөмбүдөгү атайын режимдеги түрмөдө өтөй турганын "Азаттыктын" тажик кызматы түрдүү булактарга таянып жазды.

Сафарзод кызмат абалынан кыянат пайдаланган жана шалаакылыкка жол койгон деп айыпталды. Прокуратура аны алты жылга камоону сураган болчу. Аны менен кошо абакта иштеген жети адам эки жарым жылга шарттуу кесилишти. Сот чечими майдын этегинде чыккан.

Файзулло Сафарзод 2018-жылы өзү башкарган колониядагы тополоңдон соң кармалган. Ошол жылы 8-ноябрга караган түнү камактагылар козголоң кылып, расмий кабарга ылайык 23 адам өлгөн. Анын 21и абакта отургандар, экөө түрмө кызматкерлери.

Быйыл 19-майда Тажикстандын Вахдат шаарындагы колонияда да тополоң чыгып, 32 киши набыт болду.

XS
SM
MD
LG