Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

Си Цзинпиндин китеби кыргыз тилинде басылды


Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпиндин “Мамлекеттик башкаруу жөнүндө” китеби кыргызча басылып, 8-июнда Бишкекте бет ачары болду.

Бетачарга катышкан президент Сооронбай Жээнбеков "Си Цзинпиндин китеби - дүйнөдөгү окурмандар үчүн Кытайдын мамлекеттик саясатын тереңирээк түшүнүүгө болгон көпүрө", - деди.

Жээнбеков Кытайды Кыргызстандын жакын досу экенин айтып, бир жумадан кийин Си Цзинпин мамлекеттик сапар менен келерин кошумчалады.

Бет ачар аземине экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев жана башка саясатчылар да катышты.

Кыргызстан - акыркы жылдары Кытайдан көп карыз алган өлкөлөрдүн бири. Финансы министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,4 миллиард долларды түзөт. Анын ичинен тышкы карыз 3,7 миллиард доллар. Бул карыздын эң чоң бөлүгү же 1,7 миллиард долларга жакыны Кытайга туура келет.

Негизи Кытайдан алынган карызды төлөөнүн опурталдуулугу тууралуу көптөн бери эле кеп болуп келатат. Кыргызстанга Кытайдан алынган карыздан чочулоо «бул өлкөгө бересе болгон өлкөлөр айрым мүлкүн, кен байлыгын берди» деген кабардан улам да күчөдү.

Айрым активисттерди Бээжиндин Шинжаңдагы ислам динин тутунган улуттарга карата саясаты да чочулоо жаратып келүүдө.

Кытайдын Борбор Азиянын үч өлкөсү менен чектешкен Шинжаң районунда уйгур, кыргыз жана казак ж.б. мусулман коомчулугунун өкүлдөрүнүн эркиндиги чектелип, укуктары одоно бузулуп жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет.

«Human Rights Watch» сыяктуу эл аралык уюмдар кеминде 1 миллион уйгур Шинжаңдагы саясий лагерлерде негизсиз кармалып, Коммунисттик партиянын идеологиясын жана кытайча үйрөнүүгө мажбур болуп жатканын белгилешкен. Муну чет өлкөлөргө, анын ичинде Казакстан жана Кыргызстанга чыгып кетүүгө үлгүргөн шинжаңдыктар да ырасташкан.

Казакстандагы кытайлык казактар Шинжаңда калган жакындарын лагерлерден бошотуп берүү тууралуу өтүнүч менен соңку эки жыл ичинде бир нече жолу казак бийлигине кайрылышкан. Былтыр Кыргызстандагы кытайлык кыргыздардын өкүлдөрү да Шинжаңдагы жакындары кармалып жатканын айтып чыгышкан.

XS
SM
MD
LG