Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:51

Нур-Султан «Азаттыктын» чет элдик журналисттерине аккредитация берген жок


Нур-Султан шаарындагы шайлоо тилкелеринин бири. 9-июнь, 2019-жыл.
Нур-Султан шаарындагы шайлоо тилкелеринин бири. 9-июнь, 2019-жыл.

Казакстан «Эркин Европа/Азаттык радиосунун» кыргызстандык, чехиялык жана орусиялык жети журналистине президенттик шайлоону чагылдырууга аккредитация берүүдөн баш тартты.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айбек Смадияров бул тууралуу 8-июнда маалымдап, себебин түшүндүргөн жок.

Смадияров аккредитация сурап кайрылгандар шайлоо күнү журналисттик ишмердик менен алектенбеши керек экенин эскертти.

Журналисттер 8-июнь күнү Казакстанга келишкен эле. Уруксат берилбеген кабарчылардын арасында «Азаттыктын» кыргыз кызматынан Жанар Жолдошбаев, Бакыт Асанов жана Айбек Кулчуманов бар.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосу 23-апрелде кыргыз, тажик кызматтарынын жана «Настоящее Время» каналынын кабарчыларынын Казакстандагы президенттик шайлоону чагылдырыш үчүн аккредитация сурап өлкөнүн расмий органдарына кайрылган.

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун дагы алты журналистине аккредитация берүүдөн баш тарткан эле.

- Бул шайлоо «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Борбор Азиядагы жана башка аймактагы аудиториясы үчүн маалымат жагынан абдан чоң мааниге ээ. Казак бийлигинин шайлоонун алдында биздин журналисттердин оозун жабуу аракети терең өкүнүч жаратат жана бул басма сөз эркиндиги жаатындагы коркунучтуу ишарат, - деди «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президентинин милдетин аткаруучу Дейзи Сендлер.

Кийинчерээк Казакстандын Тышкы иштер министрлиги «журналисттердин документтери 3-июнда беш саат кечигип тапшырылганы үчүн аккредитация берилген жок» деп түшүндүрдү.

9-июнда Казакстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. Мамлекет башчылыкка жети адам ат салышууда. Арасында мурдагы президент Назарбаевдин мураскери аталган Касым-Жомарт Токаев да бар.

XS
SM
MD
LG