Кыргыз эл артисти, кинооператор Нуртай Борбиев 82 жашында көз жумду. Ал 8-июнда дүйнөдөн кайтканын кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров «Азаттыкка» билдирди. Маркумдун сөөгү 10-июнда Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.
Нуртай Борбиев - Кыргызстанда улуттук кинонун түптөлүшү менен өнүгүшүнө чоң салым кошкон ишмерлердин бири. Ал «Ак илбирстин тукуму», «Сүйүү закымдары», «Маңкурт», «Кошой таш» сыяктуу көркөм жана даректүү фильмдерди тартып, «Саманчынын жолу», «Көчө» тасмаларында роль аткарган.