Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:28

«Азаттыктын» Нур-Султандагы кабарчысын полиция кармап кетти


Нур-Султан шаарындагы күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери. 9-июнь, 2019-жыл.
Нур-Султан шаарындагы күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери. 9-июнь, 2019-жыл.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Нур-Султандагы кабарчысы Сания Тойкенди да полиция кармап кетти. Ал баш калаадагы шайлоо тилкелеринде добуш берүү жараянын, Жаштар сарайынын алдындагы митингди чагылдырып жүргөн.

Анын алдында Алматы шаарында президенттик шайлоону бойкот кылууга чакырган жүздөн ашуун адамды полиция кармап кетти. Жагдайды чагылдырып жаткан дагы бир журналист, «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кабарчысы Петр Троценкону да полиция бөлүмүнө алып кетишкен. Ал күбөлүгүн көрсөтүп, журналисттик ишин жасап жатканын айтканына да кулак салышкан эмес.

Эки кабарчы тең документтери текшерилип, анан бошотулду.

«France-Presse» агенттигинин журналисти Крис Риклтон да кармалганы кабарланды.

Алматыда окуя болгон жердегилер тарткан видеолордо полиция бир нече адамды, анын ичинде улгайган аялдарды күч менен алып кетип жатканын көрүүгө болот.

Чымкент шаарында да 20дай киши кармалганы кабарланды.

Казакстанда 9-июндагы президенттик шайлоо күч органдарынын күчөтүлгөн тартиптеги көзөмөлү жана адамдарды кармоо менен коштолуп жатат. Ички иштер министрлиги жүздөн ашуун киши кармалганын билдирди. Алар өлкөдө тыюу салынган «Казакстанда демократиялык шайлоо» уюмунун тарапкерлери экени айтылууда.

Бул акыркы 30 жылдан бери өлкөнү башкарган Нурсултан Назарбаев катышпаган алгачкы шайлоо. Мамлекет башчылыкка жети талапкер ат салышууда. Алардын бири учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев нааразылык акцияларына чыгып жаткан адамдардын аракетин «өздөрүнүн тандоосу» деп айткан.

XS
SM
MD
LG