Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:24

«NetBlocks»: Казакстанда Интернет чектелип жатат


Эл аралык «NetBlocks» уюму Казакстандагы Интернет тууралуу сунуш кылган инфографика.
Эл аралык «NetBlocks» уюму Казакстандагы Интернет тууралуу сунуш кылган инфографика.

Дүйнөдөгү Интернеттин эркиндигине мониторинг жүргүзүү менен алектенген «NetBlocks» эл аралык тобу Казакстанда 9-июнь күнү Интернет чектелип жатканын билдирди.

Британияда жайгашкан уюмдун аткаруучу директору Альп Токер «Азаттыктын» казак кызматына Интернет жергиликтүү убакыт боюнча түшкү саат 11лерде кескин чектелген, чак түштө жарым-жартылай калыбына келтирилгенин айтты. Токер ошондой эле «NetBlocks» «шайлоо жараянына байланыштуу атайлап уюштурулган чектөөлөрдү» байкаганын кошумчалады.

Бул маалда коомдук жайларда мобилдик байланыш жакшы иштебей калганын казакстандыктар да ырасташты. Казакстандагы Интернеттин тосмолонушу тууралуу алгач ирет «NetBlocks» 9-майда билдирген. Ал күнү коңшу мамлекетте жалаң эле социалдык тармактар эмес, бир нече маалымат каражаттарынын жана укук коргоо уюмдарынын сайттары да ачылбай калган.

Бийлик өлкөдө Интернеттин иштебей калышын техникалык маселелерге байланыштырып келет.

Казакстанда 9-июндагы президенттик шайлоо күч органдарынын күчөтүлгөн тартиптеги көзөмөлү жана адамдарды кармоо менен коштолуп жатат. Ички иштер министрлиги жүздөн ашуун киши кармалганын билдирди. Алар өлкөдө тыюу салынган «Казакстанда демократиялык шайлоо» уюмунун тарапкерлери экени айтылууда.

Бул акыркы 30 жылдан бери өлкөнү башкарган Нурсултан Назарбаев катышпаган алгачкы шайлоо. Мамлекет башчылыкка жети талапкер ат салышууда. Алардын бири учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев нааразылык акцияларына чыгып жаткан адамдардын аракетин «өздөрүнүн тандоосу» деп айткан.

XS
SM
MD
LG