Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Жоли венесуэлалык качкындарга көңүл бурууга үндөдү


Анжелина Жоли Ирактагы качкындар лагеринде. Дохук, 2016-жыл.
Анжелина Жоли Ирактагы качкындар лагеринде. Дохук, 2016-жыл.

Голливуд жылдызы, атактуу актриса Анжелина Жоли эл аралык коомчулукту венесуэлалык качкындарды эң көп кабыл алган Түштүк Америкадагы үч мамлекетке колдоо көрсөтүүгө үндөдү. Ал Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар агенттигинин атайын элчиси катары Колумбияга барып, ал жактагы венесуэлалык мигранттар менен жолугушту.

Ошондой эле Жоли Колумбиянын президенти Иван Дуке менен кездешип, 20 миңден ашуун венесуэлалык бала негизги укуктарынан ажырап калуу коркунучунда экендигин белгиледи.

Венесуэладагы экономикалык жана гуманитардык каатчылыктан улам төрт миллиондой эл коңшу мамлекеттерге кетүүгө аргасыз болгон. Алардын миллионго жакыны Колумбияда баш калкалап турат.

Венесуэлада жыл башынан бери кош бийлик өкүм сүрүүдө. Өзүн утурумдук президент деп жарыялап алган оппозиция лидери Хуан Гуайдону АКШ баш болгон 50дөн ашуун мамлекет колдосо, азыркы президент Николас Мадуро Орусия, Кытай, Түркияга таянуу менен бийликтен кетүүдөн баш тартууда.

XS
SM
MD
LG