Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:13

Лима тобу Мадурону бийликтен кетүүгө чакырды


Мадуронун тарапташтары көтөрүп чыккан портрет. Каракас. 1-май, 2019-жыл.
Мадуронун тарапташтары көтөрүп чыккан портрет. Каракас. 1-май, 2019-жыл.

Түндүк жана Түштүк Америкадагы бир нече мамлекеттин башын бириктирген Лима тобу Венесуэладагы кырдаал боюнча билдирүү таратып, Николас Мадурону бийликтен кетип, өткөөл өкмөткө "эркин, адилеттүү" президенттик шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырышты.

Дээрлик жарым жылдан бери Венесуэла мамлекетинде кош бийлик уланып, кырдаал тынчый элек. Өзүн утурумдук президент катары жарыялап алган оппозиция лидери Хуан Гуайдо бир нече ай мурда өлкөнүн батышында өткөн акцияга катышып, элди Николас Мадуронун бийлигине каршы ири демонстрацияларды уланта берүүгө чакырды.

Ал тапта Түндүк жана Түштүк Америкадагы бир нече мамлекеттин башын бириктирген Лима тобу Венесуэладагы кырдаал боюнча билдирүү таратты.

6-июнда өткөн Гватемаладагы жолугушуудан кийин жасалган билдирүүдө топтун мүчөлөрү эл аралык коомчулукту Мадуронун өнөктөштөрүнө, анын ичинде Орусияга Түштүк Америкадагы бул мамлекетте курчуп бараткан кризисти жөнгө салуу жана мыйзамсыз бийликти кетирүүгө жардам берүү үчүн көбүрөөк басым жасоого чакырды.

Каракастагы өкмөткө каршы митинг маалында демонстранттар менен полициянын кагылышуусу. Каракас. 1-май, 2019-жыл.
Каракастагы өкмөткө каршы митинг маалында демонстранттар менен полициянын кагылышуусу. Каракас. 1-май, 2019-жыл.

2017-жылы түзүлгөн бул топко мүчө мамлекеттер президент Николас Мадурону колдогон Орусия, Кытай, Куба жана Түркия сыяктуу өлкөлөрдү Венесуэладагы саясий кризисти жөнгө салуу жараянына катышууга чакырышты.

Билдирүүгө Аргентина, Бразилия, Канада, Чили, Колумбия, Коста Рика, Гватемала, Гондурас, Панама, Парагвай жана Перу мамлекеттеринин өкүлдөрү кол коюшкан.

Лима тобу оппозиция лидери Хуан Гуайдо төрагалык кылган Венесуэланын парламентине каршы утур-утур уюштурулуп жатканын кескин айыптады. Топко кирген 12 мамлекеттин өкүлдөрү ошондой эле Мадуронун мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү чакырыгын четке кагышып, андан көрө ал бийликтен кетип, өткөөл өкмөткө "эркин, адилеттүү жана таза" президенттик шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бериш керектигин белгилешти.

-Биз Николас Мадурону жана анын мыйзамыз режимин Венесуэла эли кабылган олуттуу гуманитардык кризис үчүн жооптуу деп эсептейбиз жана айыптайбыз. Ошондой эле анын бийликте калышы Венесуэладагы демократиянын калыптануусуна тоскоолдук жаратып, коопсуздукка жана тынчтыкка коркунуч келтирет. Мунун бардыгынын кедергиси аймакка тиет,-деди Гватемаланын тышкы иштер министри Сандра Жовел.

Оппозиция лидери, өзүн утурумдук президент катары жарыялаган Хуан Гуайдо. 30-апрель, 2019-жыл.
Оппозиция лидери, өзүн утурумдук президент катары жарыялаган Хуан Гуайдо. 30-апрель, 2019-жыл.

​Алар Мадуронун өкмөтүн коррупциянын ар кандай түрлөрүнө, маңзатты мыйзамсыз жүгүртүүгө жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка катыштыгы бар деп айыпташты.

Кошмо Штаттар баш болгон элүүдөн ашуун мамлекет Хуан Гуайдонун утурумдук бийлигин таанып, Мадурону президенттиктен кетүүгө чакырып келишет. Миңдеген венесуэлалыктар да анын режимине каршы бир нече айдан бери көчө акцияларына чыгууну улантышууда.

Орусия, Кытай, Кубанын колдоосуна ээ Мадуро бийликке 2013-жылы Уго Чавестин өлүмүнөн кийин келген жана ушул жылдын башында экинчи мөөнөткө киришүүгө ант берген. Шайлоо 2018-жылдын май айында өтсө да, анын жыйынтыгын оппозиция бойкоттоп келгени үчүн ал жарым жылдан кийин гана кызматына расмий кирише алган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG