Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:18

Каракас: Гуайдо кайтса камалат


Хуан Гуайдо. Эквадор, 2-март, 2019-жыл.
Хуан Гуайдо. Эквадор, 2-март, 2019-жыл.

Венесуэланын оппозиция лидери, өзүн «утурумдук президент» деп жарыялаган Хуан Гуайдо 4-мартта мекенине кайтып келет. Өлкө бийлиги ал кайтып келгенде камакка алынарын эскертүүдө.

Оппозиция лидери бир жумадан ашык убакыттан бери Латын Америкасында болуп, бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Оппозиция лидери Хуан Гуайдо өлкө жарандарын дүйшөмбү күнү, өзү Латын Америкасындагы жолугушуулардан кайтып келе жатканда нааразылык акцияларына чыгууга чакырды. Ал Аргентинадагы жолугушууда кандай гана тоскоолдуктар болбосун, Венесуэлага кайтып келерин жарыялады:

Хуан Гуайдо.
Хуан Гуайдо.

- Биз бүгүн үйүбүзгө сөзсүз кайтып барарыбызды жарыялап койгум келет. Ошондой эле бардык венесуэлалыктардан көчөгө чыгып, бизге кошулууну, жаңы нааразылык акцияларына чыгууну суранабыз.

Венесуэланын бийлиги Гуайдонун «өкмөткө каршы иш-аракети боюнча» иликтөө жүргүзүүдө. Жогорку сот ага өлкөдөн чыгууга тыюу салганына карабастан, оппозиция лидери өткөн жумада АКШдан келе жаткан гуманитардык жүктү өлкөгө киргизүү максатында Колумбияга өтүп, андан ары Латын Америкасындагы бир катар мамлекеттерде жолугушуу өткөрдү. Колумбиядан тышкары Эквадор, Бразилия, Аргентина, Парагвай жана башка өлкөлөргө барган Хуан Гуайдо АКШнын вице-президенти Майк Пенс менен да кезикти. Анын бул сапары президент Николас Мадурого басымды күчөтүү катары кабыл алынды.

Президент Николас Мадуро баштаган Венесуэланын бийлиги Хуан Гуайдо өлкөгө келгенде камакка алынарын эскертүүдө. Гуайдо эгер бийлик аны камакка алса, бул «өкмөттүн эң акыркы каталарынын бири болорун» билдирди. АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Жон Болтон «Твиттерге» Гуайдонун аман-эсен кайтып келишине жаралган коркунучка же аракетке АКШ жана эл аралык коомчулук олуттуу жооп кайтарарын жазды.

АКШ жана дагы 50 мамлекет Улуттук Ассамблеянын - парламенттин төрагасы, өзүн өлкөнүн «убактылуу мамлекет башчысы» деп жарыялаган Хуан Гуайдону легитимдүү президент деп тааныган. Ал 23-январда өзүн убактылуу президент деп жарыялаган кезде парламент спикери катары конституциялык ыйгарым укугунан пайдаланган. Мыйзам боюнча президент өз милдетин аткара албай калганда бул кызмат парламент спикерине жүктөлөт. Оппозиция үстөмдүк кылган парламент мамлекет башчысы Николас Мадурону «экинчи президенттик мөөнөтүнө мыйзамсыз киришти, добуш берүүнү бурмалады» деп күнөөлөп келе жатат.

Венесуэладагы конституциялык жана саясий кризисте Орусия, Кытай, Түркия сыяктуу өлкөлөр Николас Мадурону колдоп, аны гана мыйзамдуу президент деп эсептешет.

Валентина Матвиенко.
Валентина Матвиенко.

- Өзүн дүйнөдөгү демократиянын жактоочулары катары көрсөткөн өлкөлөрдүн Венесуэладагы азыркы президентти жана өкмөттү кулатып, оппозицияны коюу аракети одоно көрүнүш. Ушул нерсе жана аскердик кийлигишүү аракети эл аралык укукту жана БУУнун уставын бузат, - деди Орусиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко.

Ал эми өткөн жумада президент Дональд Трамптын администрациясы Мадуро режиминин 49 өкүлүн жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн америкалык виза алуу укугунан ажыратты. Алардын бир тобу Венесуэла армиясынын жана коопсуздук күчтөрүнүн жогорку даражалуу кызматкерлери. Бул тууралуу администрациянын Венесуэла боюнча өкүлү Эллиот Абрамс «Fox News» телеканалындагы маегинде билдирди:

Эллиот Абрамс.
Эллиот Абрамс.

- Мен Мадуронун режими кулайт жана ал Венесуэладан кетет деп так айта албайм. Эгер буга үч күн калганда биздин оппоненттер «администрациянын саясаты жокко чыкты» деп айтса да таң калбайм.

Былтыркы талаштуу шайлоодо утуп чыкканы кабарланган Венесуэланын президенти Николас Мадуро 10-январда экинчи президенттик мөөнөтүнө киришкен. 2010-жылдан бери саясий, экономикалык жана гуманитардык кризиске баткан бул өлкөдө ушундан кийин нааразылык акциялары кайрадан күч алган.

Былтыр Түштүк Американын бул өлкөсүндө инфляция 1,3 млн. пайыз көтөрүлүп, улуттук акчанын куну эбегейсиз түштү. Азык-түлүк, дары-дармек жана башка күнүмдүк эң керектүү нерселер таңкыс. Ачарчылыктан кутулуу аргасында 3 млн. жаран жакынкы чет өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болду.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG