Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 22:22

Казакстанда добушканалар жабылды


Алматы аймагындагы добуш саноо. 9-июнь, 2019-жыл.

Нур-Султан убактысы боюнча саат 21:00гө карата Казакстандын бардык аймагындагы добушканалар жабылды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын саат 20:00гө карата маалыматы боюнча, 9-июнда мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн президенттик шайлоодо жалпы шайлоочулардын 77 пайыздайы добуш берди.

Алматы (89 %) жана Актөбө (84,6 %) облустарында шайлоочулар жигердүүлүгүн көрсөтүштү. Алматы шаарында (52,2 %) добуш берүү эң солгун болду.

Шайлоонун баштапкы жыйынтыгы Нур-Султан убактысы боюнча түн жарымына чукул жарыяланаары күтүлүп жатат.

Бирок байкоочулар мурдагы президент Нурсултан Назарбаев катышпаган биринчи шайлоодо жети талапкердин ичинен утурумдук президент Касым-Жомарт Токаев жеңип чыгарын билдиришүүдө.

Казакстанда 11 миллион 800 миңден ашуун шайлоочу добуш берүүгө укуктуу. Жекшембиде Нур-Султан, Алматы жана Чымкент шаарларында президенттик шайлоону бойкоттоого чакырган ондогон адамдар кармалганы белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG