Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Гонконг: Кытайга жарандарды экстрадициялоого каршы ири акция өттү


Гонконгдун жүз миңдеген тургундары нааразылык акциясына чыгышты. 9-июнь, 2019-жыл.

Гонконгдун жүз миңдеген тургуну жекшембиде Бээжиндин талабы менен жарандарды Кытайга экстрадициялоого каршы нааразылык акциясына чыгышты.

Демонстранттар «Кытайга экстрадициялоого жол жок!», «Кытайга өткөрүлсөң дайынсыз жоголосуң» деген сыяктуу ураандарды чакырып жатышты. Акциянын катышуучуларынын көбү 2014-жылдагы нааразылык акциясынын символуна айланган кол чатырларды көтөрүп чыгышты.

1842-жылдан бери Британиянын колониясы болуп келген Гонконг 1997-жылы Кытайдын башкаруусуна өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндиктерге кепилдик берилген атайын аймак катары өткөрүлүп берилген.

Буга чейин Гонконг бийлиги Кытайда өлүм жазасына тартуу кеңири жайылгандыктан жана юридикалык системанын тазалыгынан күмөн санап өз жарандарын Бээжинге өткөрүүдөн баш тартып келген. Бирок быйыл жыл башында административдик бийлик жарандарды Кытайга, Макаого жана Тайванга экстрадициялоого уруксат берерин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG