Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:29

Косанов: Казакстанга жаңы бийлик жана жаңы оппозиция керек


Казакстандын президенттигине талапкер Амиржан Косанов журналисттерге сүйлөп жаткан учуру.
Казакстандын президенттигине талапкер Амиржан Косанов журналисттерге сүйлөп жаткан учуру.

Казакстандын президенттигине өз талапкерлигин койгон оппозициячыл саясатчы Амиржан Косанов Казакстанга жаңы бийлик жана жаңы оппозиция керек экенин билдирди:

- Казакстанга жаңы бийлик жана жаңы оппозиция керек. Алар диалог куруш үчүн бир столго отурушу керек. Ошол диалог аркылуу биз жаңы Казакстанды түптөп, адилеттүү, чынчыл Казакстанды калыптандыра алабыз.

Түз ободо элге сүйлөп жатып, Амиржан Косанов бирдиктүү оппозициянын атынан чыкпагандыгы үчүн утулуп калганын айтып, ошол эле учурда казак бийлигинин алмашуусу элдин пикирин эске алуу менен жүрөрү анык болгонун кошумчалады.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда президенттик шайлоого добуш берүүгө укуктуу казакстандыктардын 77,4 пайызы катышты. Ал эми экзит-полдун жыйынтыгы өлкөнүн учурдагы президенти Касым-Жомарт Токаев шайлоочулардын 70 пайызын алганын көрсөттү.

XS
SM
MD
LG