Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:46

Балыкчыда батут оодарылып, балдар жабыркады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Балыкчы шаарында кечээ 9-июнда катуу шамалдан улам балдар секирип ойноп жаткан батут оодарылып кетти. Окуядан жабыркаган үч жашар кыз реанимацияга түшүп, анын бештеги эжесинин буту сынганы кабарланууда.

Ооруканага жалпысынан бул күнү төрт бала келип түшкөн. Буту сынган кыздын абалы туруктуу, ал эми анын сиңдиси дароо реанимацияга жаткырылган. Анын абалы турукташып калган соң аны Бишкекке которуу маселеси да каралууда.

Эже-сиңдиден сырткары ооруканага түшкөн дагы эки бала дарыгерлердин кароосунан өткөн соң үйлөрүнө кое берилген. Окуя Балыкчы шаарынын Соң-Көл кичирайонунда болгон.

XS
SM
MD
LG