Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

Өкмөт башчы Көчмөндөр оюндары өтүүчү объектилерди оңдоого буйрук берди

«Манас-Ордо» комплексиндеги музей жана Кароол чоку.
«Манас-Ордо» комплексиндеги музей жана Кароол чоку.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрө турган уюштуруу комитетинин даярдыгы менен таанышты.

- Көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлүүчү спорттук мелдештер, маданий иш-чаралар улуттук маданияттын сакталышына жана өнүгүшүнө багытталган. Биз дагы бир жолу дүйнөгө өзүбүздүн маданиятыбыздын байлыгын, жаратылышыбыздын кооздугун көрсөтүшүбүз керек. Бул жолку Улуттук көчмөндөр оюндарын Талас облусунда өткөрүү чечилген, - деди өкмөт башчы. 

Оюндар Талас шаарынын ипподромунда жана улуттук «Манас-Ордо» комплексинде өтүп, анын жанында этнобазар уюштурулат.

Жыйында оюндар өтчү жерлерди жана башка инфратүзүм объектилерин оңдоп-түзөө маселелери да талкууланды. 

XS
SM
MD
LG