Эскерүү июнь коогалаңынын курмандыктарына арналып курулган «Энелердин көз жашы» мемориалынын алдында болду. Иш-чарага 2010-жылдын июнь окуясында жакындарын жоготкондор, жарадар болгондор, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, шаар тургундары катышты.
Эскерүүгө келген вице-премьер-министр Замирбек Аскаров «бир тууган эки элди кайраштырып, ортого от жагып, качып кеткен жикчилдер өз жазасын алышат» деп билдирди.
Андан кийин бийлик өкүлдөрү июнь окуясында үй жайынан ажырагандар үчүн курулган көп кабаттуу үйдө жашап жаткандар менен жолугушту.
Бул үйлөрдүн тургундары тогуз жыл мурунку "коогалаң кайра кайталанбасын" деген тилек менен түлөө өткөрүп жатышат. (MdN)