Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:50

Кочкор: жайлоого бараткан малчылардын бири бороондо каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын облусунун Кочкор районунда ишембиде жайлоого мал айдап бараткан беш киши Чалай кыштоосунда бороондон улам адашып, Көнөк ашуусунда калып калган. Алардын бири сууктан каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, бороон-чапкындан ондогон жандык, бир нече бодо мал жардан кулап кеткен. Жекшембиде куткаруучулар жана дарыгерлер жергиликтүү тургундар менен бирге малчыларга барып, алгачкы жардам беришкен.

Боорондо калган кишилердин баары Кочкордун Туз айылынын тургундары. Алар мал-кели менен бирге айылга жеткирилген. Төрт киши ооруканага жаткырылган. Учурда алардын абалы жакшы экени кабарланды.

XS
SM
MD
LG