2018-жылы мамлекеттик органдарга аудит жүргүзүүнүн жыйынтыгында 2 миллиард 321 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталды. Анын ичинен 1 миллиард 621 миллион сом кайтарылууга тийиш болсо, 1 миллиард 405 миллион сому ордуна коюлду.
Бул тууралуу Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов дүйшөмбүдө парламенттин Бюджет жана финансы комитетинде отчет берип жатып билдирди. Анын айтымында, былтыр мамлекеттик бюджетке байланыштуу 2425 мекеменин иши текшерилген.
Мамлекеттик бюджеттин резерви менен жоготуусу 13 миллиард 236 миллион сомду түздү.
Аталган комитет Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Мариповдун 2018-жылдагы иш тууралуу отчетун талкуулап жатат.