Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланыштуу «Азаттыктын» иликтөөлөрү боюнча эки ишти териштирип жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискур билдирди. Бирок ал иликтөөнүн жүрүшү, ушул кезге чейин кандай маалыматтар ачыкка чыкканы тууралуу эч нерсе айткан жок:
- Тергөөнүн купуялуулугу үчүн маалымат бере албайм. Иликтөө иштери жүрүп жатат жана ал азырынча жарыяланбайт. Анын жыйынтыгы чыккандан кийин эмнелер аныкталып, эмнелер такталбай калганын коомчулукка сөзсүз жеткиребиз.
Маалыматка караганда, Матраимовго байланыштуу биринчи иш «Азаттыктын» 2017-жылы чыккан «Бажыдагы миллиондор» деген иликтөөсүнө байланыштуу.
Анын негизинде президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен быйыл жыл башында Финансы полициясы Матраимовдун мүлкүн текшере баштаган. Бирок текшерүү иштери ушул кезге чейин бүтө элек. Экинчиси - «Азаттыктын» быйыл 29-майда жарыяланган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсү боюнча тергөө тобу түзүлүп, иштеп жатат. Бул иликтөөдө мамлекеттен чыгарылып кеткен миллиондогон долларга Матраимовдордун ыктымалдуу катышы бар экени айтылган.
Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 3-июнда иликтөөдө айтылгандар чындыкка дал келбей турганын, ага-инилери менен жасап жаткан иштери мыйзам чегинде экенин билдирди. (NT/BTo)