Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:22

Коми Республикасынын экс-президенти 11 жылга кесилди


Коми республикасынын мурдагы башчысы Вячеслав Гайзер сот залында. 10-июнь, 2019-жыл.
Коми республикасынын мурдагы башчысы Вячеслав Гайзер сот залында. 10-июнь, 2019-жыл.

Москванын Замоскворецк райондук соту Коми Республикасынын мурдагы башчысы Вячеслав Гайзерди 11 жылга эркинен ажыратып, 160 миллион рубль айыпка жыкты. Ал уюшкан кылмыштуу топ түзгөнү үчүн күнөөлүү деп табылды.

Коми Республикасынын мурдагы башчысы 2015-жылдын күзүндө кармалып, эки жумадан кийин президент Владимир Путин аны «ишенимди жоготконуна байланыштуу» кызматтан алган.

Тергөөнүн маалыматына караганда, Гайзер бир нече жогорку даражалуу аткаминер менен бирге мамлекеттин үч миллиарддай рублин кымырып алган кылмыштуу топко кирген.

Жалпысынан Гайзердин ишине байланыштуу 19 кишиге кылмыш иши козголгон. Айыпталуучулардын бири, ишкер Антон Файерштейн 2016-жылы убактылуу кармоочу жайда өз жанын кыйган.

XS
SM
MD
LG