Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 09:08

Алматыда акын Ринат Зайитов баш болгон адамдарды полиция кармап кетти


Алматыда полиция кызматкерлери нааразылык акциясына чыккандарды кармап баратышат. 10-июнь, 2019-жыл.

10-июнда Алматыда жүздөн ашуун адам акын Ринат Зайитовду издеп барып, шаардык полиция департаментинин алдына топтолду. Алар «Зайитов бошотулмайынча таркабай турганын» айтышууда.

Ырчы Нурлан Албан «бул нааразылык акциясы - көтөрүлүш эмес, кармалган бир тууганыбызды сурай турган, издей турган адамдар бар экенин көрсөтүү» деп чогулгандардын себебин түшүндүрдү. Алар менен Алматы шаардык полиция департаментинин жетекчи орун басары Избасар Бектуров жолугушту.

- Ичип алган жаштар ар кандай кылмышка барбасын деп турабыз. Жолдон бир аз адам кошулуп алды, «аянтка барабыз» деп жатышты. Арасында масы да, соосу да бар. Ринатка эч кандай айып коюлган жок. Ал азыр өзү чыгат, өзү айтат, - деди Бектуров.

10-июнда Алматы шаарында кечки саат алтылар чамасында «Алатау» театрынын маңдайында бир топ адам шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразылык билдирип чыгышкан. Ошондо полиция 50-60 кишини кармап кеткен. Алардын арасында төкмө акын Ринат Зайитов да болгон.

XS
SM
MD
LG