Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

Малидеги кол салуудан жүздөй адам курман болду


Мали аскерлери. 20-ноябрь, 2015-жыл.
Мали аскерлери. 20-ноябрь, 2015-жыл.

Малинин борбордук бөлүгүндөгү негизинен догон улутундагылар отурукташкан кыштакка коюлган чабуулдан жүздөй киши мерт болду. Айыл дээрлик жер менен жексен болгонун Малинин коопсуздук кызматынын атын атабаган өкүлү билдирди. Анын айтымында кол салгандар жергиликтүүлөрдү аткылап, үйлөрүн өрттөп жиберишкен.

Бул аймакта негизинен аң улоо менен алектенип, байыркы динин карманган догондор менен фульбе-мусулмандарынын ортосунда кагылышуулар көп катталат. Ушул жылдын март айында Фулани айылынын 100дөй тургуну өлтүрүлгөн. Андагы чабуулду догондордон көрүшкөн.

Андан кийин «Аль-Каидага» байланышы бар жергиликтүү террордук уюм Малидеги аскерлерге жана догондор отурукташкан айылдарга кол салган.

Батыш Африкада жайгашан Малинин өкмөтү 2015-жылы өлкөдө туруктуулукту калыбына келтирүү максатында куралдуу топтор менен макулдашууга да кол койгон. Бирок ал макулдашуу радикал согушкерлердин кыянатчылыгын токтото алган жок.

XS
SM
MD
LG