Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:33

Казакстан: шайлоого нааразы 700дөй жаран кармалды


Казакстан, Алматы шаары, 10-июнь, 2019-жыл.
Казакстан, Алматы шаары, 10-июнь, 2019-жыл.

Казакстандын ички иштер министринин орун басары Марат Кожаев кармалган адамдардын 200гө жакыны «кармалгандардын баары бир жерге топтолуп калышына жол бербөө максатында» борбор шаардан башка жакка - Караганда менен Акмоло облустарына жеткирилгенин маалымдады.

Кожаевдин айтымында, шаардык соттун чечими менен алардын айрымдары айыпка жыгылды, кээ бири камакка алынды. Министрдин орун басары кармалгандар жаза мөөнөтүн кайда өтөөрүн тактаган жок. Мунун алдында «Азаттыктын» казак кызматы президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп кармалгандардын айрымдары шаардын сыртына белгисиз тарапка жеткирилип баратканын жазган.

Казакстанда 9-июнда президенттик шайлоо өтүп, анда Касым-Жоомарт Токаев жеңген. Ошол күнү Нур-Султан, Алматы жана Чымкент шаарларында президенттик шайлоону бойкоттоого чакырган жүздөгөн адам көчөгө чыккан.

XS
SM
MD
LG