Орусияда бир катар өнөр адамдары, белгилүү ырчылар, артисттер жана теле алып баруучулар журналист Иван Голуновго тилектештигин билдирип чыгышты. Алардын катарында Земфира, Борис Гребенщиков, Юрий Шевчук, Андрей Макаревич, Чулпан Хаматова, Леонид Парфенов жана башкалар бар.
«Медуза» басылмасы журналисттин бошотулушун талап кылган таанымал адамдардын видео кайрылууларын жарыялап жатат. Дүйшөмбү күнү журналисттердин кесиптик кошууну жазган ачык катка кол топтоо аяктады. Ички иштер министрлигине, прокуратурага жана Тергөө комитетине багытталган кайрылууга жалпысынан 7,5 миңден ашуун журналист кол коюйду.
«Медуза» басылмасынын журналисти Иван Голунов 6-июнда баңгизат соодасына байланыштуу шек менен кармалган. Адвокаты анын чөнтөгүнө жана батирине баңгизат атайын ташталганын билдирген.
Голунов өзүнө каршы козголгон кылмыш ишин кийинки убакта иликтеп жүргөн көрүстөн бизнесине байланыштырып жатат. Ал иликтөө ушул күндөрү жарыяланмак. Голунов кармалары менен Москвада жана Орусиянын бир катар шаарларында журналистти колдогон акциялар өттү. Жыйынтыгында ишемби күнү Москванын Никулин райондук соту анын ишин карап, 7-августка чейин үй камагына чыгарган.
Москва шаарында 12-июнда Голуновду колдогон жүрүш өткөнү жатат.