Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:00

Түркия мыйзамсыз жашаган чет өлкөлүктөрдү депортациялайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул маалыматты Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу 10-июнда Стамбул шаарынын жашоочулары менен жолугушууда билдирди.

- Былтыр Стамбул шаарынан мыйзамсыз жашаган чет өлкөлүк 4500 жаранды депортациялаганбыз. Быйыл 13 миң, ал эми жыл аягына чейин Стамбул шаарынан эле 50 миңден ашык чет өлкөлүктү чыгарабыз. Бардыгы биздин мыйзамдарга баш ийиши керек. Кайсы өлкөдөн келсе да Түркиянын коомдук тартибин бузууга укугу жок. Биз буга жол бербейбиз, - деди министр.

Министр Сулейман Сойлу алты ай ичинде өлкөдө коомдук тартип жана коопсуздук боюнча чара көрүлөрүн кошумчалады.

Түркияда 2019-жылдын май айындагы статистикасына ылайык 3,5 миллионго жакын сириялык качкын баш калкалап келет. Алар негизинен Сирия менен чектеш аймактардагы качкындардын лагерлеринде жашашат.

Түркиянын «Чет өлкөлүктөр жана эл аралык коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык Түркияда визасыз жүрүү мөөнөтү өткөн, расмий каттоосу же эмгек визасы болбогон чет өлкөлүк жарандар өлкөдөн чыгарылат жана алар айыпка жыгылат. 2014-жылы кайра иштелип чыккан бул мыйзам Түркияда чет өлкөлүктөргө туруктуу жашоого уруксат алуунун жолдорун жеңилдеткен.

Түркияда 2018-жылы 787 миңден ашык чет өлкөлүк жаран расмий катталган. Алардын 383 миңи кыска мөөнөттүү туристтик виза менен иштеп жатат.

2018-жылы Түркияда 25 миңден ашык кыргызстандык жаран катталган. Алардын 9 миңден ашыгы гана эмгек визасы менен иштейт. (ElB)

XS
SM
MD
LG