Германиялык «Bild» басылмасы түркиялык «Бешикташ» футбол клубунун U-16 командасынын оюнчулары 4-июнда Грекиянын Родос аралында «The Cup of Rhodes Knights» мелдешине барган учурда мейманканага сойкуларды чакырганын жазды.
«Бешикташ» футбол клубунун башкы машыктыруучусу Фарук Шахин «Азатыкка» сүйлөп жатып, бул маалыматты төгүндөдү:
«Медиада чыккан кабарлар туура эмес. Болгону мейманканада эс алган кыздар менен дос болушкан. Басылманын «сойкуларды чакырды» деген маалыматы толугу менен жалган. Кыргызстандык Автандил U-16 командасынын капитаны эмес, U-15тин капитаны».
Машыктыруучу Фарук Шахин өспүрүмдөр мейманканада ата-энелердин жана машыктыруучулардын көзөмөлүндө болгонун баса белгиледи.
Учурда «Бешикташ» футбол командасынын өспүрүмдөр тайпасында үч кыргызстандык футболист ойнойт. Түркиялык «Галатасарай» футбол клубунун өспүрүмдөр командасында да ойногон кыргызстандык оюнчулар бар. (ElB)