Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

Мусаев: Саляновага камакта басым болушу - чындыкка жакын


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) өздүк коопсуздук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Ишенбек Мусаев камакта отурган мурунку башкы прокурор Аида Саляновага кылмышкерлер аркылуу басым болушу толук мүмкүн деп эсептейт.

Ал мындай пикирин "Азаттыктагы" маегинде айтып, саясатчыларга байланыштуу иштерде ушундай тажрыйба мурдатан колдонулуп келгенин билдирди. Басым жасоого буйрукту бийлик берерин белгилеген Мусаев буга конкреттүү мисалдарды келтирген жок.

Ал Аида Салянова адвокаты аркылуу абактын жетекчилигине арыз жазышы керек экенин, ошондо гана коопсуздугу көзөмөлгө алынарын кошумчалады.

Буга чейин «Ата Мекен» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов Саляновага кылмышкерлер аркылуу психологиялык басым жасалып, органда иштеген кызматкерлер андан тийиштүү көрсөтмө алууга аракет кылып жатышканын билдирген. ЖАМК муну четке каккан.

Ишенбек Мусаев менен маекти ушул жерден тыңдаңыз.

«Саляновага камактан басым болушу мүмкүн»
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:36 0:00

3-июнда кармалган Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу «Коррупция» беренеси менен айыпталууда.

Ал 5-июнда Биринчи май райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына 26-июнга чейин камалган. Расмий кабарга ылайык, ал өзүнчө камерада отурат. Камактагы эрежеге ылайык, жалгыз калтырууга болбогондуктан, жанында бир киши бар. (SE)

XS
SM
MD
LG