Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:52

Шыкмаматов: Атамбаевди «улут атасы» дегендер бүгүн 180 градус бурулду (видео)


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сындаганы туура эмес деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн 12-июнда парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып билдирди:

- Текебаев ушу жерден Атамбаев Атамбаев болуп турганда «Жоопко тарталы, узурпация жасады, кылмыш кылды, парламент сынбасын, элита, эл, конституция сынбасын» деп жатканда Иса Өмүркулов ушул жерден: «Эмне деп жатасың, ал деген улут атасы» деди эле. Эми 180 градуска бурулуп, башкача сүйлөп жатат. Атамбаевди колдогон жокмун, бирок Иса Өмүркуловдун чыгып сүйлөгөнү туура эмес.

Өмүркулов ага чейин Атамбаевдин президент кезиндеги ишин сындап сүйлөгөн. Ал эми Шыкмаматовдун айткандарына ал төмөнкүчө жооп берди:

- Сүйлөймбү же сүйлөбөймбү, сенден сурабайм. Экинчиден, баррикада-митингдерде сен да, мен да, Текебаев да чогуу жүргөнбүз. Анын президент болуп шайланышына сенин да, Текебаевдин да салымы бар. Ал бийликке келгенден кийин колдодук да. Берген сунуштарын колдодук, фракциянын жетекчиси катары колдодук. Бирок мөөнөтү бүткөндөн кийин эмне болгонун көрүп жатабыз да.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Канатбек Исаев, Талант Мамытов жана Иса Өмүркулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине кескин сын айтып, анын ишине баа бериш керек деген демилге көтөрүп чыгышты.

Атамбаев тараптан азырынча комментарий боло элек. (RK)

XS
SM
MD
LG