Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:08

Төрага Жумабеков Атамбаевге: Матраимовдор - элге кызмат кылган үй-бүлө (видео)


Алмазбек Атамбаев жана Дастанбек Жумабеков. Сүрөт 2017-жылы тартылган.
Алмазбек Атамбаев жана Дастанбек Жумабеков. Сүрөт 2017-жылы тартылган.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн 12-июнда парламенттин жалпы жыйынында борбордук трибунадан сөз алып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге кайрылды.

Ал Матраимовдорду «элге кызмат кылган үй-бүлө» деп мүнөздөп, алар уюштурган тойго бийлик өкүлдөрү Атамбаевдин тушунда да барып жүргөнүн айтты:

- «Төрага баш болуп бүжүңдөп Матраимовдун тоюна барат» дейсиз. Алмазбек Шаршенович, ал той быйыл эле өткөн жок. Ал тойго быйыл эле төрага же депутаттардын тобу барып калган жок. Сиз архивге айланып карап коюңуз, сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргөн. Сиздин убакта премьер-министр, сизге жакын депутаттар ошол тойдо жүргөн. Мен ойлойм, алар да элди сыйлап, элге кызмат кылган үй-бүлөнү сыйлап, ошол тойдон жакшы сөздөрүн айтты. А бүгүн биз барып койсок «чимкирик депутаттар, бөжөңдөп төрага жүрөт» дейт. Кара-Суу элинин, Матраимовдордун артынан сиз партияңыз үчүн 40-50, 100 миңдеген добуш албадыңызбы, өзүңүздүн президенттик шайлоого добуш албадыңызбы! Эмнеге ошону айтпайсыз, Алмазбек Шаршенович?

​Атамбаев бийликте турган кезинде Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жасаган иштеринен кабарсыз болгонун 8-июнда Бишкекте өткөн митингде билдирген.

Ал азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун бийлиги коррупцияга каршы тандалма күрөш жүргүзүп, Матраимовдорду калкалап жатканын айткан.

Райымбек Матраимовдун дарегине коомчулукта сын күчөп, ал бажы кызматында турганда мыйзамсыз байыганы айтылып жүрөт. Матраимов муну четке кагып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG