Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:53

Жогорку сот КСДПга байланышкан чечимге түшүндүрмө берди


Сагынбек Абдрахманов.
Сагынбек Абдрахманов.

Жогорку соттун маалыматына караганда, 6-июнда Сагынбек Абдрахманов башында турган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) Бишкектин Биринчи май райондук сотуна экс-президент Алмазбек Атамбаевге, Асел Кодурановага каршы доо арыз менен кайрылган. Арызда КСДПнын 6-апрелдеги он сегизинчи курултайын жана саясий кеңештин 25-майдагы жыйынын «жараксыз» деп табуу тууралуу өтүнүч жазылган. Райондук сот доо арызды 19-июнда карай турган болгон.

Ошол эле кезде Абдрахманов партиянын документтерин өзгөртүүгө тыюу салуу тууралуу арыз жазган. Биринчи май райондук соту 6-июнда анын арызын канааттандырган. Жогорку сот мындай чечимди судья башка кызыкдар тараптарга кабарлама бербей эле жеке өзү чыгарса болорун, макул болбогондор ага каршы даттана алаарын кошумчалады.

Учурда КСДП экиге бөлүнгөнү маалым. Бир тарабын партия мүчөсү, «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын демилгечиси Сагынбек Абдрахманов, экинчи тарабын экс-президент Алмазбек Атамбаев жетектеп калган. Атамбаев баштаган саясий бирикменин төрагасынын милдетин аткаруучу Асел Кодуранова Биринчи май райондук сотунун чечимин сынга алган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту өткөн аптада Юстиция министрлигине КСДПнын документтерине өзгөртүү киргизүүгө тыюу салып, андай укук партиянын жаңы лидери Сагынбек Абдрахмановго гана берилсин деген чечим чыгарган. Соттун аныктамасында Сагынбек Абдрахманов 2019-жылдын 3-апрелинде КСДПнын XVIII курултайынын негизинде мыйзамдуу төрага болуп шайланганы белгиленген. Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 6-апрелде өткөн курултай мыйзамсыз деп табылган.

КСДПнын лидери катары расмий катталган Сагынбек Абдрахманов экс-президент Алмазбек Атамбаевди сотко берген. Ал партиянын негизги документтерин сот аркылуу Атамбаевден алууну көздөп жатканын «Азаттык» радиосуна билдирген.

Абдрахманов мурда «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеген. Юстиция министрлиги Атамбаев төрагалык кылган КСДПнын төрагасы катары Сагынбек Абдрахмановду 18-апрелде каттаган.

Ал эми экс-президент Атамбаев жана анын тарапташтары муну мыйзамсыз чечим катары баалап, юстиция министрин кылмыш жоопкерчилигине тартууну өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылышкан. (NT)

XS
SM
MD
LG