Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:05

Казакстанда жаңы президенттин инаугурациясы өттү


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын ордо калаасында жаңы президент Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы өттү. Токаев беш жылдык мөөнөткө президенттик кызматка расмий киришти. Ал казак тилинде ант берди.

«Казакстандын элине ак ниетим менен кызмат кылууга, Казакстан Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын бекем сактоого, жарандардын укуктары менен эркиндигине кепилдик кылууга, Казакстан Республикасынын президентинин мага жүктөлгөн жогорку милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарууга ант берем», - деди ал.

Инаугурация шайлоонун баштапкы жыйынтыктары жарыялангандан эки күндөн кийин өттү. Эл аралык байкоочулар шайлоо маалында Казакстандын жарандарынын «негизги укуктары» бузулганын билдиришти.

9-июнда өткөн кезексиз шайлоодо Касым-Жомарт Токаев 70 пайыздан ашык добуш алып жеңишке жеткен. Экинчи орунда оппозициялык саясатчы Амиржан Косанов, үчүнчү орунда Дания Еспаева турат.

Оппозициянын өкүлдөрү жана эркин байкоочулар шайлоодо мыйзам өтө көп бузулганын, Токаевдин пайдасына бюллетендер уучтап ташталганын билдирип жатышат.

Шайлоодон кийин Казакстанда митингдер өтүп, 700дөн ашык киши камалды.

Бул – Казакстанда өткөн алтынчы президенттик шайлоо. Буга чейинки шайлоолор 1991, 1999, 2005, 2011 жана 2015-жылдары өткөн. Үч жолу мөөнөтүнөн мурда шайлоо болгон. Бардык шайлоодо Нурсултан Назарбаев жеңүүчү болуп келген. Батыш байкоочулары Казакстандагы шайлоо бир да жолу эл аралык стандарттарга жооп берген эмес деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG