Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

Орусиядагы мигранттар мекенине кайткандан кийин да пенсия алышат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдүн эмгек мигранттарына пенсия төлөмөй болду. ЕАЭБге Кыргызстан, Армения, Орусия, Казакстан жана Беларус мүчө. Бул тууралуу Орусиянын Эмгек министрлигинин расмий катына шилтеме кылып РБК кабарлады.

Министрлик маалымдагандай, ЕАЭБге мүчө болгон өлкөлөр зарыл болгон ички реструктуризациялоону жүргүзүп, бул тууралуу калган мүчөлөргө кабарлагандан кийин макулдашуу күчүнө кирет. Документке 2019-жылдын сентябрында кол коюлуп, 2020-жылдан тартып пенсия төлөнө баштай тургандыгы кабарланды.

Азыркы пенсиялык мыйзамдарга ылайык, адам жарандыгына карабастан туруктуу жашаган мамлекеттен гана пенсия ала алат. Ошентип, Орусиядан кеткен мигранттар Орусиянын пенсиялык фондунан акча алчу эмес. Жаңы келишим төлөмдөрдүн схемасын өзгөртөт.

Эми Орусияда иштеп тапкан пенсиясынын бир бөлүгү мигрант өлкөдөн чыгып кеткенден кийин да төлөнө берет. Ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүндө алган жумуш стажы да кошулуп турат. Эгерде орусиялык жаран пенсияга чыгып, андан кийин ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн бирине көчүп кетсе, пенсияны Орусия төлөп берет.

Жаңы келишим боюнча 2020-2021-жылдары пенсиялык фонд кошумча 166 миллион рубль бөлөт. Мунун ичинен 91 миллион рубль ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө көчүп кеткен Орусиянын жарандарына төлөнөт.

Азыр орус мыйзамдары боюнча, жумуш берүүчү чет өлкөлүк жумушчулар үчүн Орусиянын пенсиялык фондуна акча чегерип турат. Бирок бул жумушчулар пенсия алууга укугу болгон эмес.

XS
SM
MD
LG