Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Кош бойлуу аялдын камалышы боюнча прокуратурага кайрылуу жиберилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыйкатчы институту үч айлык боюнда бар аял эски телефон уурдоо боюнча айыпталып, Бишкектеги №1 тергөө абагында камалганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, акыйкатчы Токон Мамытов 12-июнда тергөө абагына кирип, келин менен баарлашканда ал эски телефонду алганы үчүн кармалганын, аны ээсине кайтарып бергенине карабай камалганын, 1 жаш 2 айлык баласы бар экенин жана кош бойлуу экенин билдирген.

Ал аял буга чейин акыйкатчыга арыз жазып, анда Свердлов райондук милициясынын тергөөчүсү менен ишти караган судьянын аракетине баа берүүнү өтүнгөн. Акыйкатчынын баамында, Свердлов райондук соту бөгөт чарасын аныктоодо аны бир айга тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарып, кош бойлуулугун, жаш баласы бар экенин жана уурдалды деген телефондун баасы 10 миң сомго жетпегенин эске алган эмес. Токон Мамытов бул иш кылмыш катары эмес, Жоруктар жөнүндө кодекстин негизинде каралууга тийиш деп эсептейт.

Мындан тышкары Акыйкатчы институтунун кызматкерлери арыздын негизинде Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына барып, бул аял белгиленген мөөнөттөн ашыкча кармалганын аныкташкан.

Ишке баа бериш үчүн Свердлов райондук прокуратурасына кайрылуу жиберилгени айтылды. Райондук милиция жана сот акыйкатчынын билдирүүсүнө жооп кайтара элек. (NT)

XS
SM
MD
LG