Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:14

Молдовада саясий кризис жана кош бийлик уланууда


Президент Игорь Додон.
Президент Игорь Додон.

Молдовада жаңы өкмөт түзүлүп, саясий кризис уланууда. Жаңы өкмөттүн ыйгарым укуктарын Конституциялык сот тааныган эмес. Өлкөдө иш жүзүндө эки өкмөт иштеп жатат. Конституциялык сот президент Игорь Додондун ыйгарым укуктарын убактылуу токтотконуна карабастан ал Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү.

Жергиликтүү басылмалардын кабарына караганда, Кишинёвдо кырдаал тынч, күч кызматкерлери министрликтердин имараттарын кайтарууда.

Эки күн мурда Молдованын президентинин милдетин аткаруучу Павел Филип парламентти тарткатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоону 6-сентябрга белгилеген. Буга чейин Конституциялык сот орусиячыл президент Игорь Додонду убактылуу кызматынан четтетип, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Филипти өлкө башчысынын милдетин аткаруучу кылып дайындаган.

Додон АКШ жана Евробиримдик менен кызматташууну жактаган Филип жана анын өкмөтү менен мунаса таба албай келген.

XS
SM
MD
LG